11:17, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Аянтка чогулган агрессивдүү топ»: Бишкек милициясы 40тан ашуун адамды кармады

На русскомEnglish
12:02, 9 баш оона 2019 129
// АКИpress

Баракелде -  9-августка караган түнү Бишкек шаарынын аймагында мыйзам бузган 40тан ашуун адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

8-август күнү кечинде «Ала-Тоо» аянтында адамдар чогула башташкан. Аларды милиция кызматкерлери атайын каражаттарды колдонуу менен таркатышкан.

Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, бет кап кийген жана союл көтөргөн агрессивдүү маанайдагы 1,5 миң адам шаардагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга аракет кылышкан. Алар бир нече жолу Жогорку Кеңештин имаратына, соода борборлоруна жана дүкөндөргө кирүүгө аракеттенишкен.

«Андан тышкары белгисиз адамдар жолдорду жаап, жөнөкөй жарандарга тийишип, коомдук тартипти бузушкан. Ошондой эле шаардагы окуяларды чагылдырып жаткан кабарчыларды кубалашкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга аракет кылган агрессивдүү адамдардын аракеттерине бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн керектүү иш-чаралардын негизинде милиция атайын каражаттарды колдонгон. Учурда абалды курчутууга аракет кылган уюштуруучуларды издөө иштери уланууда.

«Ошондой эле Бишкек ШИИБдин өзүк курамы штаттык режимде кызмат өтөп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком