13:48, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
13:13, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202021 Бишкекте 2 унаа кагышып, жүргүнчү жабыркады
13:03, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202074 Сүрөт — Алайда памирлик боордоштор сабатын жоюуда
12:15, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202071 Кытайда жаңы вирус жуктурган дарыгер каза болду
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (106 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (50 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (42 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Маркум Үсөнбек Ниязбековго полковник чини ыйгарылды

На русскомEnglish
10:57, Баш оона айынын тогузу, 2019 624

Баракелде -  УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары, подполковник Үсөнбек Ниязбековго көзү өткөндөн кийин полковник чини ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта маркумду акыркы сапарга узатууда УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев билдирди.

Ү.Ниязбеков ушул жылдын сентябрь айында улуттук коопсуздук органдарынын полковник чинин алмак.

Маркумду акыркы сапарга узатууда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, генерал-майор, «Альфа-Антитеррор» коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков сөз сүйлөп, үй-бүлөсүнө көңүл айтышты.

Бүгүн, 9-августта Бишкектин 7-кичи районунда УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбеков акыркы сапарга узатылып жатат.

Ага 7-августта кечинде Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда ок тийген. Ооруканага жеткирилип, операция жасаган дарыгерлерде өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

--------------------------------------------------

Үсөнбек Ниязбеков 1972-жылы Оштогу Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында туулган. Ош техникалык университетинен жогорку билим алган.

Ушул жылдын февраль айында УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган болчу. Кызматы үчүн «Эрдик» төш белгиси жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Маркумдун артында 4 баласы калды. Апасы Өктөм Мамаева көп жылдардан бери Санкт-Петербург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы болуп иштеп келет. Ал эми атасы Ош шаарында жашайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком