08:44, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмазбек Атамбаевге кандай айыптар тагылып жатат?

На русском
10:42, 9 баш оона 2019 394

Баракелде -  Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 2 беренеси менен айып тагылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

А.Атамбаев Кой-Таштагы үйүнө 2-жолу жасалган чабуул учурунда кармалып, алгач ИИМге, андан кийин УКМКга жеткирилген болчу. Кийинчерээк 26-августка чейин камакка алынганын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Ал УКМКнын абагында (СИЗО) кармалат.

Биринчи май райондук сотунун маалыматы боюнча, 9-августта Башкы прокуратуранын башкармалыгындагы улук прокурор Д.Келдибаев тарабынан А.Атамбаевди камакка алуу чарасын тандоо өтүнүчү келтирилген. Кылмыш иш Жазык кодексиндеги 319-берененин 2-бөлүмү, 43-берененин 2-бөлүмүнө байланыштуу.

Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Субанкулов прокурордун сунушун канааттандырган.

-----------------------------------------------------------------

43-берене. Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү

2-бөлүм: Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан топту, кылмыштуу уюмду түзгөн же аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат.

319-берене. Коррупция

1-бөлүм: Коррупция материалдык, кандай гана болбосун башка дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бул дөөлөттөрдү жана артыкчылыктарды берүү максатында бир же бир нече кызмат адамдарынын бийлик ыйгарым укугуна ээ болгон айрым адамдар же топтор менен туруктуу укукка каршы байланыш түзүүдөн турган атайлаган жосундар.

2-бөлүм: Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган, же оор кесепеттерге алып келген ошол эле жосун.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком