15:09, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
14:26, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202033 Ак-Сууда жолбун иттерди атуу иштери уланууда
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (68 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (51 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (32 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Кой-Ташта атылган ок: Каза болгон Үсөнбек Ниязбеков подполковник болчу, артында 4 баласы калды

13:52, Баш оона айынын сегизи, 2019 2491

Баракелде -  Кой-Ташта атылган октон жаракат алып, ооруканада каза болгон атайын даярдыктагы аскер 45 жаштагы Үсөнбек Ниязбеков болгон. Бул тууралуу Turmush басылмасына маркумдун туугандары билдиришти.Ошондой эле маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы тастыктады.

Кечээ, 7-август күнү Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын багыттагы аскерлер атайын операция жүргүзүшкөн. Бирок А.Атамбаевдин тарапташтары аларга каршылык көрсөтүшүп, Ү.Ниязбеков атылган октон жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков оор жаракат менен ооруканага жеткирилген атайын багыттагы 2 аскер кызматкеринин бири көз жумганын билдирген.

«2 спецназ октон жаракат алган. Алардын бири оор жаракаттын кесепетинен көз жумду. Ок жүрөгүн тешип кеткен. Экинчи спецназга операция жасалып жатат. Ок чыгарылды, абалы оор», - деген дарыгер.

Маркумдун туугандарынын айтымында, Үсөнбек Ниязбеков 1974-жылы Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылында туулган жана Бишкек шаарында жашап, иштеп жүргөн. Апасы көп жылдардан бери Санкт-Петербург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы болуп иштеп келет. Ал эми атасы Ош шаарында. Маркумдун артында 4 уул, 2 кызы калганы айтылууда.

Маркумдун сөөгүн кичи мекенине алып кетүү үчүн туугандары Бишкек шаарына жөнөп кетишкен.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы маркум Үсөнбек Ниязбеков УКМКнын атайын багыттагы кызматынын подполковниги болгондугун билдиришти. Алардын маалыматына караганда, Ү.Ниязбеков 1972-жылы Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында туулган. Ош техникалык университетин аяктаган.

Ушул жылдын февраль айында УКМКнын атайын багыттагы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Кызматы үчүн «Эрдик» төш белгиси менен жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Ушул жылдын сентябрь айында полковник аскердик чинин алмак.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком