08:49, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кой-Таштагы түн. Видео, сүрөт

На русском
07:04, 8 баш оона 2019 5281

Баракелде -  7-августта кечинде Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылында жайгашкан үйүндө ок атылып баштап, күч түзүмдөрү түнкү саат 03:45ке чейин болушту.

Атайын операцияны УКМК жүргүзүп, А.Атамбаевдин аларга каршы чыккан тарапташтарынын ортосундагы кармаштан жалпы 46 адам ар кандай деңгээлде жаракат алып, алардын бири — атайын багыттагы аскер кызматкери жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Дарыгердин айтымында, анын жүрөгүн ок тешип кеткен.

Кой-Ташта жабыркагандардын саны 45 адамга жетти

Жаракат алып, ооруканага жеткирилгендердин арасында Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов бар. Операциядан кийин анын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.

Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов комада, абалы оор

Самат Курманкулов

Кой-Ташта жаракат алгандардын арасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев да бар. Аны ооруканага жеткиришкен.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта атайын багыттагы аскер кызматкерлерин барымтага алган тарапташтары менен жүргүзүлгөн сүйлөшүү тууралуу билдирди. Анын айтымында, Равшан Жээнбеков жана башкалар атайын багыттагы 6 аскерди 8-августта эртең менен бошотууга сөз беришкен.

Алмазбек Атамбаев 8-августка караган түнү «Апрель» телеканалындагы түз эфир аркылуу Кой-Таштагы үйүндөгү окуя боюнча билдирүү жасады.

Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү

Ички иштер министрлиги укук коргоо органдары жарандарга карата ок атуучу курал колдонбогонун жарыялады. Милиция кызматкерлери жарандардын жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн штаттык режимде иштеп жатышат.

Кой-Ташка алып барган жол жарандар тарабынан тосулган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-августта башталган кыска мөөнөттүү бир жумалык эмгек өргүүсүн токтотуп, Ысык-Көлдөн Бишкекке кайтып келди. Ал 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрө турганын басма сөз кызматы билдирди.

---------------------------------------------------

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кезектеги эмгек өргүүсүндө Талас облусунда жүргөнүн басма сөз катчысы Эльвира Темир билдирди. Анын айтымында, төрага жакынкы убакта Бишкек шаарына келет. Ал атайын операция боюнча төраганын пикири кандай экенин билбей турганын айтты.

---------------------------------------------------

Кой-Таштагы окуя боюнча парламенттин эки депутаты — Дастан Бекешев менен Жанар Акаев Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулушу керек деп эсептейт. Алар пикирин социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдиришти.

Дастан Бекешев:

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком