03:14, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Д.Зилалиев УКМКнын Латвиядагы эсептер боюнча билдирүүсүнө жооп берди

На русскомEnglish
16:43, 7 баш оона 2019 183
Дүйшөнбек Зилалиев
Дүйшөнбек Зилалиев

Баракелде -  Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 7-августта журналисттерге анын үй-бүлөсүнүн Латвиядагы эсептери боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдирүүсүнө комментарий берди.

Анын айтымында, жактоочулар Интерполго билдирүү жөнөтүп, коомчулукка маалымат берет.

«Жашы жете элек балдарга билим берүү максатында топтолгон эсепте анча чоң эмес сумма болгон», - деди ал.

Кийинчерээк Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайы Зульфия Зилалиева журналисттерге депозиттик эсеп 2016-жылы ачылганын билдирди. Эсептеги жалпы сумма — 42 миң доллар (ар бир балага 14 миң доллардан). Бирок эсеп 3 жылдан бери толуктала элек.

«Ошондуктан УКМКдан документтерди коомчулукка көрсөтүүнү талап кылам. Анткени тинтүү иштеринин жүрүшүндө бул документтерди батирден алып кетип, азыр өздөрүнүн сөзүн далилдей албай жатышат», - деди ал.

Ал эмне үчүн эсеп Латвияда ачылганы тууралуу суроого: «Кыргызстанда банк системасына ишеним жок. Латвиядагы банктар каражаттын мыйзамдуулугун далилдеп берүүнү суранышты. Ошондуктан эсепти жол-жоболоштуруп жатканда 3 бөлмөлүү батирди сатып алуу жана сатуу тууралуу келишим берилди», - деп жооп берди.

------------------------------------------------------------------------------

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш иштин алкагында Латвияда укук коргоо органдары тарабынан Д.Зилалиевдин жубайына жана балдарына кылмыш иш козголгондугу маалым болду. Бул маалыматты бүгүн, 7-августта УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Латвиянын Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси (акчанын изин жашыруу) боюнча кылмыш иш Каржылык чалгындоо кызматынан алынган маалыматтардын негизинде козголгон.

«Рига шаарынын Интерпол улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, Д.Зилалиевдин жубайы Латвиянын ири банктарынын биринде өзүнүн балдары үчүн банктык эсеп ачкан. Бул депозиттик эсептер Жамиля, Бектур жана Алима Зилалиевдердин наамына катталган. Кийин аталган банк эсептери аркылуу бир нече жолу ири өлчөмдөгү акча которуулар болгон. Буга байланыштуу Рига шаарынын Интерпол улуттук борбордук бюросу Д.Зилалиев жана анын жубайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (эски редакция, жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Аталган кылмыш ишти тергөө иштери аяктап, сотко жиберилген», - деп айтылат маалыматта.

------------------------------------------------------------------------------

УКМКнын буга чейинки расмий билдирүүсүндө: «Д.Зилалиев 2011-2017-жылдары мамлекеттик түзүмдөрдө жоопкерчиликтүү жана жетекчилик кызматтарда, анын ичинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы, Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору болуп эмгектенген. Ал 2011-2016-жылдары декларациясында көрсөткөн кирешеси 2 млн 541 миң 527 сомду түзгөн. Ал эми ушул убакытта жубайынын кирешеси 408 миң сом болгон. Бирок иликтөө иштери менен Д.Зилалиев расмий көрсөткөн кирешесинен тышкары ири суммадагы активдери бар экени белгилүү болду.

Ал мамлекеттик кызматта жүрүп, декларацияда көрсөтүлбөгөн 889 миң 900 долларын коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрь айына чейин сактап келген. Мындан тышкары декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөр (батир, жер тилке, үй) фактыны жашыруу максатында туугандарынын атына жана башка адамдарга катталган.

Д.Зилалиев 2017-жылдын 17-апрелинде туугандарынын бирине Бишкектин борборунда жайгашкан 2 кеңсени каттаткан. Алардын баасы 34 млн жана 19 млн сомду түзөт. Андан тышкары Мамлекеттик геология агенттигинин директору болуп турганда жумушсуз тууганына кен иштетүү үчүн бир катар лицензияларды каттаткан», - деп айтылган эле.

Д.Зилалиев 7-декабрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Буга чейин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүмүнүн (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) негизинде камакка алынган Дүйшөнбек Зилалиев шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылган болчу. Мындай чечимди 2018-жылдын 18-октябрында Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов чыгарган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком