01:56, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Нарында абал туруктуу, жол жабылган жок, - өкмөт

На русскомEnglish
16:23, 7 баш оона 2019 79
// Turmush

Баракелде -  Солтон-Сары кениндеги «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining Company)» компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин маселесин угуу үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптуу сүйлөшүүдөн соң талаптар угулуп, компания бир ай (териштирүү иштери бүткөнгө чейин) ишмердүүлүгүн токтотту.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдагандай, бүгүнкү күндө Нарын облусунда абал туруктуу, жол жабуу аракеттери болгон жок. Коомдук коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Чогулган элдин айтымында, алар койгон талаптар аткарылганга чейин Нарын районундагы Кара-Чий айылында болушат.

Жергиликтүү жашоочулар Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Жонг Жи Майнинг» компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком