16:11, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Москвадагы кыргызстандыктар жаштардын дүйнө чемпионатында күмүш тагынган Калмираны тосуп алышты

На русском
17:32, 6 баш оона 2019 249

Баракелде -  Россиянын Москва шаарындагы кыргызстандыктар жаштардын дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган Калмира Билимбек кызын салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун тургуну Арсен Кудашов билдирди.

Анын айтымында, балбан кызды Шереметьево аэропортунда тосуп алышып, Кыргызстанга узатышты.

«Болгария өлкөсүндө жеңишке жеткен карындашыбыз Калмира бизди абдан кубантты. Ак-талаалык бир туугандар кечээ балбан кызыбызды тосуп алып, колубуздан келишинче сыйлап, кайра Кыргызстанга узаттык. Бул биз үчүн өтө чоң сыймык. Көптөн бери өзүбүз чогула элек болчубуз. Карындашыбыз себепкер болуп чогулдук», - деди ал.

Болгариядагы жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан Калмира Билимбек кызы 53 кг чейинкилер арасында күмүш медаль тагынган.

Калмира беттешин 1/16 финалда баштап, катары менен 3 жолу жеңишке жетишкен. Жарым финалда казакстандык атаандашын да утуп чыкан. Ал эми финалда 2018-жылы дүйнө чемпиону болгон кытайлык спортчуга жеңишти алдырды.

Билимбек кызы Калмира бул куракта дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, күмүш байге уткан Кыргызстандын экинчи өкүлү болду. Буга чейин 2016-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында болгон турнирде Айпери Медет кызы финалга чыккан. Бирок атаандашынан жеңилип калып, күмүш медаль алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком