03:05, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020172 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Солтон-Сарыдагы чыр: Кен иштеткен компаниянын 20 жумушчусу ооруканага түштү

На русскомEnglish
11:01, Баш оона айынын алтысы, 2019 269
Солтон-Сары
Солтон-Сары

Баракелде -  Бүгүн, 6-августта саат 04:30 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кен иштеткен кытайлык компаниянын 20 жумушчусу түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчулар Солтон-Сары кенинде жергиликтүү жашоочулар менен болгон жаңжалда жабыркаган.

«Алардын баш мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алган. Дарыгерлер жабырлануучулардын абалын туруктуу деп баалап жатышат. Тиешелүү жардам, дары-дармектер берилүүдө», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

-----------------------------------------------------------

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишкенин бүгүн, 6-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алар Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу талабын айтып жаткан жашоочулар менен жолугушат.

«Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы», - деп айтылат маалыматта.

-----------------------------------------------------------

Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, кечээ, 5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулган. Аталган аймакка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да барышкан болчу.

Жергиликтүү жашоочулар кен чыккан аймактан техникаларды чыгарып кетүү талабын коюшкан. Алар күтүп, бирок жыйынтык чыкпагандыктан атчан жашоочулар кен иштеткен кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышкан.

Тургундардын болжолдуу маалыматы боюнча, атчандарга таш ыргытышкан. Буга нааразы болгон нарындыктар да кен иштеткен компаниянын кызматкерлери тарапка таштарды ыргытып башташкан. Мындан кийин жаңжалды токтотууга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү киришкен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком