18:42, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алина Шаикова 1 ай мурун Кыргызстандан чыгып кеткен

На русскомEnglish
10:23, 5 баш оона 2019 349
Алина Шаикова
Алина Шаикова

Баракелде -  Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова июль айынын башында өлкөдөн чыгып кеткен. Ал Казакстанга кеткенин АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болду.

Бүгүн, 5-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети А.Шаиковага издөө жарыялады. УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы жаңы муун паспортторун даярдоо боюнча кызматты сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш иштин фигуранттарынын бири — Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова.

УКМК Шаикованын жактоочусу аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу жөнөткөн.

«Ал 5-августка чейин суракка жана башка тергөө иштерин жүргүзүүгө келбесе, Жазык-процесстик кодекстеги 239-берененин (шектелүүчүнү, айыпталуучуну издөө) негизинде А.Шаиковага издөө жарыяланат», - деп эскертилген.

Башкы прокуратура А.Шаикова Жазык кодексиндеги 319-беренеде (коррупция) каралган кылмышка шектелип жатканы тууралуу билдирүү тараткан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком