08:36, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ирак жана Сириядан кыргыз балдарды кайтарып келүү аракети көрүлүп жатат, - өкмөт

На русскомEnglish
09:54, 5 баш оона 2019 112
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Өкмөт Ирак Ислам Республикасында жана Сирия Араб Республикасында жүргөн Кыргызстандын жарандарын (балдарды) кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сирияда «Качкындар үчүн курд лагерлериндеги» жана Ирактагы түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин астында тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

«Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Бардык жумушчу топтун мүчөлөрүнө Ирак Ислам Республикасынын визасы жана Кыргызстандын Ирактагы чартердик рейсин уюштуруу маселеси чечилген. Мындан тышкары Ирактын мыйзамдарына ылайык, Кыргызстандын жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн финансылык каражаттар такталды.

Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча өкмөттүн буйругунун долбоору Өкмөттүн аппаратында каралып жатат.

Ирактын мыйзамдарына ылайык жана Ирак тараптын ички процедураларын эске алып, аталган жумушчу топтун мүчөлөрү Багдад шаарына ушул жылдын сентябрь айынын башында түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жарандарынын балдарын алып келүүгө бара турганы чечилди. Азыркы учурда сапарга чыгууга тиешелүү даярдыктар жүрүүдө.

Ал эми Сирия Араб Республикасынын «Качкындар үчүн курд лагеринде» кармалып жаткан кыргызстандыктарды кайтарып келүү маселеси боюнча Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси аркылуу Сириядагы лагерге кире алуучу эл аралык уюмдарынын ресурстарын колдонууга, Кыргызстандын жарандарынын Сирияда жүргөн даректерин так аныктоого жана аларды Кыргызстанга кайтарып келүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өкмөт тарабынан тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп, бул маселе премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө турат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком