20:05, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мамкаттоонун мурунку жетекчиси Алина Шаиковага издөө жарыяланды

На русскомEnglish
09:41, 5 баш оона 2019 308

Баракелде -  Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаиковага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин А.Шаикова 5-августка чейин суракка өз каалоосу менен барбаса издөө жарыялана турганы айтылган.

УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы жаңы муун паспортторун даярдоо боюнча кызматты сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш иштин фигуранттарынын бири — Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова.

УКМК Шаикованын жактоочусу аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу жөнөткөн.

«5-августка чейин суракка жана башка тергөө иштерин жүргүзүүгө келбесе, Жазык-процесстик кодекстеги 239-берененин (шектелүүчүнү, айыпталуучуну издөө) негизинде А.Шаиковага издөө жарыяланат», - деп эскертилген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком