20:00, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында Калмира Билимбек кызы күмүш утту

На русском
11:15, 3 баш оона 2019 992
Калмира Билимбек кызы
Калмира Билимбек кызы

Баракелде -  Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан Калмира Билимбек кызы 53 кг чейинкилер арасында күмүш медаль тагынды. Чемпионат учурда Болгарияда өтүп жатат.

Калмира беттешин 1/16 финалда баштап, катары менен 3 жолу жеңишке жетишкен. Жарым финалда казакстандык атаандашын да утуп чыкан. Ал эми финалда 2018-жылы дүйнө чемпиону болгон кытайлык спортчуга жеңишти алдырды.

53 кг чейин

1/16 финал

Калмира Билимбек кызы — Элнура Маммадова (Азербайжан) — 9:5

1/8 финал

Калмира Билимбек кызы — Мария Виллумсен (Дания) — Калмиранын жеңиши

1/4 финал

Калмира Билимбек кызы — Алеся Гетманова (Беларусь) — 9:1

Жарым финал

Калмира Билимбек кызы — Алтын Шагаева (Казакстан) – Калмиранын жеңиши

Финал

Калмира Билимбек кызы — Жоажинг Ши (Кытай) – Шинин жеңиши.

---------------------------------------------------

Билимбек кызы Калмира бул куракта дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, күмүш байге уткан Кыргызстандын экинчи өкүлү болду. Буга чейин 2016-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында болгон турнирде Айпери Медет кызы финалга чыккан. Бирок атаандашынан жеңилип калып, күмүш медаль алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком