18:41, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Калмира Билимбек кызы — жаштардын дүйнө чемпионатынын финалына чыккан тарыхтагы экинчи кыргызстандык

На русском
17:30, 2 баш оона 2019 2395
Калмира Билимбек кызы
Калмира Билимбек кызы

Баракелде -  Калмира Билимбек кызы бүгүн, 2-августта Болгарияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыга алды.

Ал 53 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынап жатат. Калмира беттешти 1/16 финалдан баштап, катары менен 4 атаандашын жеңген. Кезектеги беттешин кытайлык Жаожинг Шиге каршы өткөрөт. Ал атаандашы 2018-жылы күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын тагынган.

Билимбек кызы бул курактагы категорияда финалга чыга алган Кыргызстандын экинчи өкүлү болду. Буга чейин 2016-жылы Грузиянын Тбилиси шаарында болгон турнирде Айпери Медет кызы финалга чыккан. Бирок атаандашынан жеңилип калып, күмүш медаль алган.

Калмира 2018-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында 46 салмакка чейинкилер арасында күч сынап, 5-орунга жазылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком