07:22, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

12 жылдык жаза же Рустамдын жашоосун өзгөрткөн күн

На русском
16:24, 2 баш оона 2019 (Жаңыланды: 23:24, баш оона 13 2019) 579
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото
// АКИpress

Баракелде -  Рустам (ысымы өзгөртүлдү) каракчылык жана талап-тоноо кылмышына айыпталып, эркиндигинен ажыратылган. Ал учурда №27 түзөтүү абагында жаза өтөп жатат. Рустам абакка кантип түшүп калганын АКИpress агенттигине айтып берди.

Ал орто мектепти аяктагандан кийин аскердик кызматын өтөп, андан соң Россияга эмгектенүүгө сапар алган. Бир жылдан кийин Бишкек шаарына кайтып келип, чогуу аскер кызматын өтөгөн досуна кезиккен.

«Бир нече күндөн кийин ал досум мени Аламүдүн-1 районуна чакырып, достору менен бир жерге жеткирип коюуну суранган. Айтылган жерге барып, унаамдын жанында тургам. Бир маалда атылган октун үнү угулуп, ошондон кийин эле мени кармап кетишти (укук коргоо органдарынын кызматкерлери)», - деди ал.

Рустамдын айтымында, ошол күнү аны чакырган жигиттер турак үйгө уурулукка киришкен. Ал эми өзүн адашып кармашкан деп эсептейт.

«Мени менен бирге аскер кызматын өтөгөн жигитти, андан кийин дагы бирин кармашты. Ал эми экөө азыр да эркиндикте, качып жүрүшөт. Аларды мен жакшы деле тааныбайм. Ошол тонолгон үйдө бир нече видеокамера бар экен. Бирок бир дагы видеодо мен көрүнгөн жокмун. Үй ээсин бизди көрүүгө чакырганда мени ал убакка чейин жана кол салуу учурунда дагы көрбөгөнүн айткан», - дейт Рустам.

Ал соттун чечими менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылган. 2 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Рустам эркиндикке чыккандан кийин жумушка орношуп, апасына кам көрүүнү көздөп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком