13:30, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
13:13, Үчтүн айынын жыйырма беши, 20209 Бишкекте 2 унаа кагышып, жүргүнчү жабыркады
13:03, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202059 Сүрөт — Алайда памирлик боордоштор сабатын жоюуда
12:15, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202052 Кытайда жаңы вирус жуктурган дарыгер каза болду
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (131 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (79 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (52 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

12 жылдык жаза же Рустамдын жашоосун өзгөрткөн күн

На русском
16:24, Баш оона айынын экиси, 2019 (Жаңыланды: 23:24, Баш оона айынын он үчү, 2019) 718
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото
// АКИpress

Баракелде -  Рустам (ысымы өзгөртүлдү) каракчылык жана талап-тоноо кылмышына айыпталып, эркиндигинен ажыратылган. Ал учурда №27 түзөтүү абагында жаза өтөп жатат. Рустам абакка кантип түшүп калганын АКИpress агенттигине айтып берди.

Ал орто мектепти аяктагандан кийин аскердик кызматын өтөп, андан соң Россияга эмгектенүүгө сапар алган. Бир жылдан кийин Бишкек шаарына кайтып келип, чогуу аскер кызматын өтөгөн досуна кезиккен.

«Бир нече күндөн кийин ал досум мени Аламүдүн-1 районуна чакырып, достору менен бир жерге жеткирип коюуну суранган. Айтылган жерге барып, унаамдын жанында тургам. Бир маалда атылган октун үнү угулуп, ошондон кийин эле мени кармап кетишти (укук коргоо органдарынын кызматкерлери)», - деди ал.

Рустамдын айтымында, ошол күнү аны чакырган жигиттер турак үйгө уурулукка киришкен. Ал эми өзүн адашып кармашкан деп эсептейт.

«Мени менен бирге аскер кызматын өтөгөн жигитти, андан кийин дагы бирин кармашты. Ал эми экөө азыр да эркиндикте, качып жүрүшөт. Аларды мен жакшы деле тааныбайм. Ошол тонолгон үйдө бир нече видеокамера бар экен. Бирок бир дагы видеодо мен көрүнгөн жокмун. Үй ээсин бизди көрүүгө чакырганда мени ал убакка чейин жана кол салуу учурунда дагы көрбөгөнүн айткан», - дейт Рустам.

Ал соттун чечими менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылган. 2 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Рустам эркиндикке чыккандан кийин жумушка орношуп, апасына кам көрүүнү көздөп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком