10:50, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

УКМК: Алина Шаикова 5-августка чейин суракка келбесе издөө жарыяланат

На русскомEnglish
09:58, 2 баш оона 2019 596
Алина Шаикова
Алина Шаикова

Баракелде -  Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова 5-августка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берүүгө келбесе ага издөө жарыяланат. Бул маалыматты бүгүн, 2-августта УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы жаңы муун паспортторун даярдоо боюнча кызматты сатып алуудагы коррупция факты боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыш иштин фигуранттарынын бири — Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы Алина Шаикова.

УКМК Шаикованын жактоочусу аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу жөнөткөн.

«Ал 5-августка чейин суракка жана башка тергөө иштерин жүргүзүүгө келбесе, Жазык-процесстик кодекстеги 239-берененин (шектелүүчүнү, айыпталуучуну издөө) негизинде А.Шаиковага издөө жарыяланат», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком