00:49, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Милиция эсине келбей көз жумган адамдын өздүгүн тактоого жардам сурайт (сүрөттөн абайлаңыз)

На русском
20:50, 1 баш оона 2019 165

Баракелде -  Жылдын башында шаардык ооруканага эс-учуна келбей каза болгон белгисиз эркек киши жеткирилген. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 6-январда Улуттук хирургиялык борборунун жандандыруу бөлүмүнө туруктуу жашаган жери жок адамдардын түнөк үйүнөн 30-35 жаштагы белгисиз киши жеткирилген. Бирок ал эсине келбей көз жумган. Аталган факт Ленин РИИБдин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Белгилери: бою 175-180 см, арык чырай, бети тоголок, чачы сары.

Маркум тууралуу маалымат билгендер 0 (312) 35 26 05, 0553 102 465, 0551 088 330, 0703 401600, 0705450553,0553102 880 номуру же «102» кызматы аркылуу байланышса болот.

936E7D55-BBE2-4C75-8A4D-3C93B035A730(1)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком