18:36, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Күрөш боюнча жаштардын дүйнө чемпионаты: Калмира Билимбек кызы жарым финалда

На русском
16:54, 1 баш оона 2019 303
Калмира Билимбек кызы
Калмира Билимбек кызы

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы Болгарияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Калмира беттешти 1/16 финалдан баштап, катары менен 3 атаандашын жеңип алды. Ал 53 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынап жатат. Ал эми жарым финал бүгүн, 1-августта Бишкектин убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Каныкей Анварбекова (46 кг чейин), Сезим Жуманазарова (61 кг чейин) жана Нурзат Нуртаева (69 кг чейин) алгачкы беттеште эле утулуп, мелдештен четтеди.

1/16 финал

Калмира Билимбек кызы — Элнура Маммадова (Азербайжан) - 9:5

1/8 финал

Калмира Билимбек кызы — Мария Виллумсен (Дания), жеңүүчү Калмира Билимбек кызы

1/4 финал

Калмира Билимбек кызы — Алеся Гетманова (Белоруссия) - 9:1

Жарым финал

Калмира Билимбек кызы — Алтын Шагаева (Казакстан)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком