18:36, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 27 жаштагы Исабек уулу Саид изделип жатат

На русском
15:45, 1 баш оона 2019 97

Баракелде -  Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 1991-жылы туулган Исабек уулу Саидди издеп жатышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ленин РИИБге 6-июлда И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 6-июлда болжол менен саат 14:00дө Бишкектеги Фучик көчөсүндөгү үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан биринчи топтогу майып уулун издөөгө жардам сураган. Анын ушул күнгө чейин жүргөн жери белгисиз.

Белгилери: бою 155 см, чачы кара, кыска, көздөрү күрөң, орто бойлуу.

Кийген кийимдери: боз футболка, көк түстөгү чакмак кыска шым, бутунда күрөң бут кийим.

Өзгөчө белгилери: оң бутунан аксайт.

Исабек уулу Саиддин жүргөн жери тууралуу билгендер болсо, 0(312) 35 26 05, 0553 102 465, 0703 401600, 0705450553, 0553102 880 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком