01:54, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азия жана Океания чемпиондугунан кыргызстандык жаштар 6 медаль алып келишти

На русском
16:33, 30 теке 2019 81

Баракелде -  Жаштар арасындагы Азия жана Океания чемпиондугуна катышкан кыргызстандык спортчулар Бишкек шаарына келишти. Жаштар арасындагы чемпиондук Тайбэйде 27-28-июлда өтүп, андан кийин өспүрүмдөр арасындагы мелдештер башталган.

Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын маалыматы боюнча, башкы машыктыруучу Ислам Баялинов жана Елена Исакова, машыктыруучу Сергей Кладновдун жетекчилигинде кеткен спортчулар жалпы 6 медаль утушту. Алардын ичинен экөө алтын, үчөө күмүш жана бири коло байге.

«Манас» аэропортунан байге ээлери Ханболот Ырысбеков, Чыңгыз Сагыналиев, Анарбек Ишенбаев, Ажар Исаева жана Муса Шабданбекованы тосуп алышты. Ал эми жаштар арасында күмүш алган Шахида Нармухамедова өспүрүмдөр арасында беттешин улантып жатат.

Аталган турнирге Кыргызстандан 12 спортчу катышты.

Алтын

- Ханболот Ырысбеков (55 кг чейин);

- Чыңгыз Сагыналиев (60 кг чейин);

Күмүш

Анарбек Ишенбаев (90 кг чейин);

Ажар Исаева (63 кг чейин);

Шахида Нармухамедова (70 кг жогору);

Коло

Муса Шабданбеков (50 кг чейин).

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком