20:00, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан 20 жаштагы бейтап качып кетти

На русском
15:47, 29 теке 2019 232

Баракелде -  Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканадан бейтап качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

27-июлда Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканадан 26-июлда болжол менен саат 22:00дө 1999-жылы туулган Токушев Азамат Куралбекович качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал 2018-жылы Сокулук райондук сотунун чечими менен психиатриялык ооруканага жиберилген.

Белгилери: бою 155-160 см, арык чырай, акыл-эси артта.

Токушев Азамат Куралбековичтин жүргөн жерин билгендер болсо Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө: 0(312) 60-75-67, 0 (702) 54-32-27, 0 (500) 05-88-06 телефон номурлары же «102» кызматы аркылуу байланышса болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком