20:19, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Аламүдүндө 69 жаштагы таене небересинин колун байлатып койгон

На русскомEnglish
13:39, 29 теке 2019 339

Баракелде -  Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында улгайган аял 9 жаштагы жээн небересинин колун байлатып койгон. Кичинекей кыз рейд учурунда табылганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, Аламүдүн районунун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери бирге «Өспүрүм» аталышындагы рейд өткөрүшкөн. 26-июлда Таш-Дөбө айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөнү текшерүү учурунда 9 жаштагы кыз табылган. Аны керебетке отургузуп, колун байлап коюшкан.

«Аталган үйдө 1950-жылы туулган К.Т. 1978-жылы туулган кызы К.М. жана 2010-жылы туулган небереси Ш.В. менен жашап жатканы аныкталган. К.Т.нын айтымында, кызы Бишкекке иштегени кетип, ошол боюнча дайынсыз. Небереси үйдөн качып, анын сөзүн укпай жаткандыктан башка небересине анын колун байлатып койгон. Ал эми кыздын атасы 8 жыл мурун каза болгон», - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 9 жаштагы кыз жарым жылга Балдарды коргоо борборуна жөнөтүлдү.

Кийинчерээк Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн колу байланган кыз фостердик үй-бүлөгө берилиши мүмкүн экенин билдиришти.

«Рейд учурунда милиция кызматкерлери менен биргеликте социалдык кызматкерлер да иш жүргүзүп жаткан. Ошол маалда бул үй-бүлөнү кезиктирдик. Анда 1950-жылы төрөлгөн К.Т жана 2010-жылы төрөлгөн Ш.В. аттуу кыз бар экен. Кыздын апасы Бишкекте жумушта экен. Биз аны менен телефон аркылуу байланышканда жумуштан бошоп келе албай турганын айтып, телефонду коюп салды. Андан кийин да телефон чалып аракет кылып жатып, бүгүн жолуктук.

Аламүдүндө фостердик үй-бүлө бар. Алардын үй-бүлөсүнө жашы жете элек кызды жайгаштыралы деп пландап жатсак, алар балдарын эс алдырганы Ысык-Көлгө алып кетишиптир. Ал эми 2010-жылы төрөлгөн Ш.В. Таш-Төбө айылындагы мектепте окуйт. Ал таенесинин тилин укпай, түн ортосуна чейин көчөдө ойноп жүрө берет экен. Ошондуктан айласы кетип анын колун байлап, үйдөн чыгарбай коюптур. Балдар боюнча иштөө комиссиясына материалдар бүгүн тапшырылып жатат. Биз кыздын апасы менен жолугуп, сүйлөшүп, мыйзам чегинде иш алып барабыз. Балким фостердик үй-бүлөгө которулуп калышы мүмкүн» - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком