18:45, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кызыл-Кыяда коррупционер кармалды (сүрөт, видео)

На русском
09:44, 25 теке 2019 478

Баракелде -  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүчү мамлекеттик кызмат дагы бир коррупциялык иштин бетин ачты. Ведомствонун маалыматы боюнча, арыз ээси Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы улук сот аткаруучуга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Улук сот актаруучу Ш.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Арыз ээсинин кыймылсыз мүлкүн камакка алууну жокко чыгаруу тууралуу соттун чечими болгонуна карабастан андан 10% төлөм (18 миң 600 сом) жана кошумча 10 миң сом пара талап кылган.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берененин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) менен катталып, ыкчам иштер жүргүзүлгөн. 23-июлда сот аткаруучу пара алып жаткан учурда кармалган.

e40ba3ef-d183-4b98-bffa-9ed20d4ed775

Шектүү Ш.К. баш коргоо чарасы тандалганга чейин Бишкек ШИИБдин абагына убактылуу камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком