08:39, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чек арадагы чыр: Милиционерлерге таш ыргыткан жашоочуларды атайын каражат менен таратышты (видео)

На русскомEnglishНа русскомEnglish
14:27, 24 теке 2019 889

Баракелде -  Баткен районунун Ак-Сай айылынын жашоочулары милиция кызматкерлерине таш ыргытышты. Ал эми милиционерлер атайын каражат колдонушканын АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болду.

Ак-Сайдагы жашоочулар Исфара—Ворух унаа жолуна шагыл төгүп баштаганда ИИМдин кызматкерлери алардан ишти токтотууну талап кылышкан. Жашоочулар милиционерлерге таш ыргытып, ИИМ аларды таратуу үчүн атайын каражат колдонгон.

Видеону күбөлөр жөнөтүштү

Ал эми Баткен ОИИБдин расмий маалыматында: «24-июлда саат 06:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылынын тургундары аталган айылды кесип өткөн Ак-Сай—Ворух унаа жолунунан транспорт каражаттарын өткөрбөө максатын көздөп, жолду атайын жыгачтар менен тосуп салышкан. Андан соң болжол менен 11:45 чамасында Ак-Сай айылында коомдук коопсуздукту камсыздап жаткан милиция кызматкерлери жолду тосуп турган жыгачтарды алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул учурда «Камаз» үлгүсүндөгү жүк таашуучу унаанын ээси жолдун ортосуна шагыл төгүп салган. Анын бул мыйзамсыз аракетине бөгөт коюуга аракет кылган милиция кызматкерлерине айылдын тургундары массалалык түрдө таш ыргытып, кыйкырып, мыйзамдуу талаптарга баш ийишкен эмес. Жергиликтүү жарандар тарабынан ыргытылган таштардан 3 кызматкер жаракат алышты.

Милиция кызматкерлери жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттары колдонуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылды. Учурда Ак-Сай айылында абал туруктуу, жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда орун алган мыйзамсыз жагдайды чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком