23:48, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020106 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201346 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020129 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Кыргызстандык балбан кыздар Нур-Султандагы дүйнө чемпионатына даярданууда

На русском
10:13, Теке айынын жыйырма төртү, 2019 300
Мээрим Жуманазарова
Мээрим Жуманазарова

Баракелде -  Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы дүйнө чемпионатына даярданып жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана ага машыктыруучу Байгазы Кенжебаевдин жетекчилигинде 9 балбан кыз 3-августка чейин Бишкек шаарында машыгышат. Лицензиялык чемпионат 14-22-сентябрь күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтөт.

Бишкекте машыгып жаткан балбан кыздар:

- 53 кг чейин — Мадина Надирова;

- 57 кг чейин — Нураида Анаркулова жана Кымбат Рысманбетова;

- 59 кг чейин — Айбике Артыкали кызы жана Назира Марсбек кызы;

- 62 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова;

- 68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова;

- 76 кг чейин — Айпери Медет кызы;

- башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков;

- ага машыктыруучу — Байгазы Кенжебаев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком