08:39, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020577 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?

Москвада Кыргызстандын жасалма паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн сатып жүрүшкөн

На русском
10:18, Теке айынын жыйырма үчү, 2019 230

Баракелде -  Россиянын Москва шаарында Кыргызстандын жасалма документтерин даярдап, кыргызстандыктар менен кошуна өлкөнүн жарандарына сатып жүрүшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Июль айында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен Москва шаары боюнча аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргызстандын жасалма паспорттору менен айдоочулук күбөлүгүн колдонуу фактысы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 1986-жылы туулган тургуну менен Ысык-Ата районунун 1997-жылы туулган тургуну Москвада документтерин жоготуп алышкан. Аларга белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө жасалма документ даярдап беришкен.

Ошондой эле коңшу өлкөнүн 1995-1984-жылы туулган жарандары Россияда жумушка орношуу үчүн белгисиз жарандар менен макулдашып, Кыргызстандын жасалма паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн сатып алышкан. Ошол жасалма документтер менен таксист болуп иштеп жүрүшкөн.

Жасалма документтер принтер аркылуу басылып чыкканын экспертиза аныктады. Жогоруда көрсөтүлгөн жарандарга Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (жасалма документ колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда жасалма документтерди даярдоого тиешеси бар жарандарды аныктоо үчүн ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком