19:23, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020183 Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
17:57, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020158 С.Жээнбеков менен Э.Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү
Учурда окулуп жатат
11:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (46 адам окуп жатат)
Уулун 5 миң долларга сатып жаткан жаш келин жана анын аяш апасы кармалды
17:54, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (13 адам окуп жатат)
Ак-Сууда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын жашоо шарты текшерилди

Сахалинде дайынсыз жоголгон Азатбектин жансыз денеси менен унаасы табылды (сүрөт)

На русском
09:00, Теке айынын жыйырма үчү, 2019 (Жаңыланды: 09:33, Теке айынын жыйырма үчү, 2019) 483

Баракелде -  Россияда дайынсыз болуп изделип жаткан кыргызстандык Алимбек уулу Азатбектин жансыз денеси табылды. Алгач Корсаков районундагы Чапаев айылынан унаасын, андан кийин денесин табышкан.

«Sakhalin.info» басылмасынын маалыматы боюнча, буга чейин тиешелүү органдар тарабынан адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон. Көп узабай Азатбектин өлүмүнө шектелип 3 адам кармалды.

Алардын арасындагы 24 жаштагы шектүү мурда сот жообуна тартылып, эркиндикке 2019-жылдын 30-майында чыккан. Эки шектүү 22 жашта, алардын бири да мурда соттолгон.

Учурда үчөө тең камакка алынып, баш коргоо чарасы тандалып жатат. Тергөө иштери улантылууда.

--------------------------------------------------------------

28 жаштагы Алимбек уулу Азатбек 19-июлдан 20-июлга караган түнү «Тойота Марк 2» (мамлекеттик номуру А 801 ЕМ 14) үлгүсүндөгү унаасы менен Түштүк-Сахалинсктен Корсаков шаарына кеткендиги аныкталган.

Анын документтери, буюмдары жана кийим-кечелери туруктуу жашаган жеринде калган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком