06:00, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов жаңы рекорд койду

На русскомEnglish
08:59, 23 теке 2019 78
Денис Петрашов
Денис Петрашов

Баракелде -  Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курамасынын мүчөсү Денис Петрашов жаңы рекорд койду. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

21-июлда Петрашов Кореянын Кванджу шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында 100 метрди сүзүп өтүп, 28-орунга ээ болгон. Жыйынтыгында ал 2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Петрашов көрсөткөн жыйынтык (1 мүнөт 0,94 секунд) — аталган дистанция боюнча Кыргызстандагы жаңы рекорд. Буга чейинки рекорд (1 мүнөт 1,34 секунд) да Петрашовго таандык болчу. Ал бул рекордду 2018-жылы Аргентинада жаштар арасында өткөн Олимпиада оюндарында койгон болчу. Оюндардын жыйынтыгында кыргызстандык сууда сүзүүчү күмүш медаль тагынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком