03:40, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020261 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020146 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?

Кыргызстандык зыяратчылардын дагы бир тобу Меккеге учуп кетти

20:51, Теке айынын жыйырма экиси, 2019 179
Кыргызстандык зыяратчылар Сауд Арабияда
Кыргызстандык зыяратчылар Сауд Арабияда
// АКИpress

Баракелде -  Кыргызстандан ажылык сапарга жолдомо алган жарандардын дагы бир тобу бүгүн Медина шаарына учуп кетишти. Андан ары Меккеге барышат.

Муфтияттын маалыматы боюнча, саат 13:10до бул жылы Баткен облусунан ажылык сапарга бара тургандардын алгачкы тобу «Ош» аэропортунан учушкан.

150 зыяратчыны туугандары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов, муфтийдин түштүк аймак боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жакшы тилектерди айтып, ак жол каалап узатышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком