22:04, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Арабиянын парламент төрагасы жолугушту

19:49, 22 теке 2019 93

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий визит менен келген Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шура мажлисинин төрагасы Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен жолугушту. Жолугушуу бүгүн, 22-июлда борбор калаада өткөнүн өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясы — Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктардын бири экенин, достук мамилелерге акыркы жарым жыл ичиндеги ар кайсы деңгээлдеги өз ара визиттер күбө болуп саналарын белгиледи. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, айыл чарба жана региондор аралык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Төрага Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жемиштүү сүйлөшүү болгонун белгиледи. Анын жүрүшүндө парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнү активдештирүү чаралары эле эмес, эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бардык спектри да талкууланды.

Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Сауд Арабиясында Кыргыз Республикасынын президентинин расмий визитин күтүп жатышканын баса белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком