00:54, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020128 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201346 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020129 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Кыргызстандык боксчу Нур-Султандагы турнирде коло медаль тагынды

На русском
17:59, Теке айынын жыйырма экиси, 2019 167
Бокс
Бокс

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Арген Кадырбек уулу Казакстандын Нур-Султан шаарындагы бокс боюнча эл аралык турнирде коло медаль утту. Президенттин кубогуна арналган турнир 16-20-июль күндөрү өтүп, ага Кыргызстандан 5 спортчу катышкан.

Кадырбек уулу 63 килограммга чейинки боксчулар арасында күч сынап, филиппиндик жана өзбекстандык спортчуларды жеңди. Ал эми жарым финалда индиялык спортчудан 1:4 эсебинде жеңилген.

Кыргызстандык 4 боксчу алгачкы беттеште эле утулуп калышты.

Жыйынтык:

16-июль

Мунарбек Сейитбек уулу — Бишт Кавиндермтнгх (Индия) - 1:4

Жейс (Филиппин) — Арген Кадырбек уулу - 2:3

17-июль

Арген Кадырбек уулу — Камронбек Эшматов (Өзбекстан) - 5:0

Турсунбай Кулахмет (Казакстан) — Өмүрбек Бекжигит уулу - 5:0

Козимбек Мардонов (Өзбекстан) — Эркин Адылбек уулу - 5:0

18-июль

Аблайхан Жусупов (Казакстан) — Данияр Дамирдин уулу - 5:0

Арген Кадырбек уулу — Шива Тапа (Индия) - 1:4

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком