19:56, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Министрдин кеңешчиси Н.Жолборсов эмне себептен камакка алынганы белгисиз

На русском
10:59, 22 теке 2019 102
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсовду жалган билдирүү боюнча кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда АКИpress агенттигине анын атасы Жаныбек Жолборсов билдирди.

Анын айтымында, уулу эмне себептен камалганын айтпай жатышат. Бирок уулун жалган маалыматтын негизинде кармашты деп эсептейт.

«Уулум уран калдыктарын тазалоо боюнча тендер өткөрүү үчүн 146 миң доллар пара алып жатканда кармалганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт», - деди ал.

Ж.Жолборсов белгилегендей, уулун Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборундагы коррупция иши боюнча күбө катары суракка чакырып, андан кийин камакка алышкан.

--------------------------------------------------------

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Жолборсов СИЗО-1 мекемесине эки айга — 6-сентябрга чейин камакка алынды.

Ал эми ӨКМ социалдык тармактагы расмий баракчасы аркылуу басылмалардын бирине «Болжолдуу маалыматтар боюнча, министрдин жардамчысынын жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда» деген маалымат жарыяланганын жана бул чындыкка дал келбей турганын билдирген.

«ӨКМ уран иштетүү иш-чараларына тиешеси жок, ал эми 2019-жылы уран калдыктарын рекультивациялоо жумуштарына тендер өткөрүлгөн эмес. Ошондой эле уран боюнча тендерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөрбөйт. Уран калдыктарына байланыштуу тендер 2017-жылдан бери өткөрүлө элек.

Нурбек Жолборсов Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы эмес, кеңешчиси болуп эмгектенет. 2019-жылдын 1-июлунан тарта эмгек өргүүгө чыккан», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком