16:02, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитет түзүлдү

На русскомEnglish
09:11, 22 теке 2019 251

Баракелде -  Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитет түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.

«Оюндардын маданий бөлүгү — этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас-Ордо" комплексинин аймагында, ал эми спорттук бөлүгү — Р.Алканов атындагы ипподромдо өтөт. Учурда Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком