04:34, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020273 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020153 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?

Түркмөнстандын элчиси Гурбангулы Бердымухамедов каза болгону тууралуу маалыматты четке какты

На русском
21:15, Теке айынын жыйырма бири, 2019 4255

Баракелде -  Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматты четке какты.

Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов каза болгону маалымдалган. Элчиликтен расмий билдирүү кийинчерээк болорун кошумчалашты.

Кыргызстандык Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, интернетке тараган маалымат жалган.

Буга чейин саясат таануучу жана Евразия көйгөйлөрү боюнча мониторинг борборунун директору Аслан Рубаев «Москва сүйлөйт» агенттигине булактарга шилтеме берүү менен Гурбангулы Бердымухамедов каза болгонун билдирген.

Гурбангулы Бердымухамедов 15-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө чыкканы маалым болгон.

Ал эми «Эркин Түркмөнстан» YouTube-каналы Ашхабаддагы кабарчыларына шилтеме берип Бердымухамедов кечээ, 20-июлда күндүн экинчи жарымында көз жумганын, анын өлүмүнө оору себеп болгонун билдирген болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком