03:31, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020259 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020144 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (2 адам окуп жатат)
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте автошоудагы кырсыктан 6 адам жабыркады, арасында чет өлкөлүктөр бар

На русскомEnglish
18:18, Теке айынын жыйырма бири, 2019 214

Баракелде -  Бишкек шаарында автошоудагы кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 21-июлда саат 13:00 чамасында «Тойота Марк 2» унаасынын айдоочусу — 1987-жылы туулган Л.А.Фрунзе көчөсүнө бурулганда рулду башкара албай, топтолгон адамдарды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 1987-жылы туулган А.Н., 1997-жылы туулган У.М., 1992-жылы туулган Д.К., 2000-жылы туулган К.К., 1978-жылы туулган Ч.Ж. (Кытайдын жараны), 1982-жылы туулган Н.М. (Кытайдын жараны) жабыркады. Тез жардам кызматы тиешелүү жардам көрсөтүп, жабыркагандар Бишкектеги травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборуна жеткирилди.

Бул факт Жоруктар жөнүндө кодекстеги 155-берене (автотранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тиешелүү, экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Жеңиш аянтында өтүп жаткан автошоуда айдоочулардын бири унаа менен атайын ыкма (дрифт) көрсөтүп жаткан учурда рулду башкара албай, жолдун четиндеги көрүүчүлөрдү сүзүп кеткени маалым болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком