12:43, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
11:47, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202052 Сүрөт — Көл жээгиндеги чөнтөк сымал Тоң айылы
11:43, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202092 Өнүгүү жолундагы Каракол. Сүрөт
Учурда окулуп жатат
12:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (124 адам окуп жатат)
Чуркаган жылкылар унаанын үнүнөн чочуп жыгылышты
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (54 адам окуп жатат)
Видео — Кочкордо бир баштуу эгиз козу туулду
11:56, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (13 адам окуп жатат)
Таластагы чиновник пара алып жатып кармалды
10:46, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (10 адам окуп жатат)
Ала-Букада РИИБдин эки кызматкери пара менен кармалды

Бишкектиктерден миңдеген доллар алдап алган шектүү кармалды

На русском
20:04, Теке айынын жыйырма бири, 2019 179
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Ал батир алып берүүнү убадалап, жабырлануучулардын биринен 20 миң доллар алдап алганын ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 1977-жылы туулган Б.А. Ж.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, 2018-жылы 28-августта борбордо курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир сатып берүүнү убадалап, 20 миң доллар алып, өзү качып кеткен. Бул факт алдамчылык беренеси боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«17-июлда ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1977-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн алдамчылык боюнча 2 кылмышка тиешеси бар экени аныкталды.

2018-жылы январь айында ал А.Б. аттуу жарандын ишенимине кирип, 2 бөлмөлүү батир сатып берүүнү убадалап, 8 миң доллар алып, качып кеткен. Ушул эле жылы март айында ал Х.Н. аттуу адамга эки бөлмөлүү батир алып берүүнү убадалап, 11 миң доллар алган. Бирок батир алып бербей, изин жашырган. Бул факттар алдамчылык боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Шектүүдөн жабыркагандар 0312 44-44-57, 0773 097 185, 0703 905 295 же 102 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком