07:17, 24 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Стюардесса болуп эмгектенип, айына 3 миң долларга чейин тапкан 21 жаштагы Бегайым

16:30, 20 теке 2019 5524

Баракелде -  Тил үйрөнүп, тейлөө кызматында дагы эмгектенип, өз күчү менен Бириккен Араб Эмираттарындагы авиакомпаниялардын бирине ишке орношкон 21 жаштагы Бегайым Limon.KG басылмасына ысык шаарлардын бириндеги жашооосу, баштан өткөн кыйынчылыгы жана ага жылмайган ийгилиги тууралуу баяндап берди.

Туулуп өскөн жерим, балалыгым….

Менин атым Бегайым, 21 жаштамын. Ата-тегим Ысык-Көл облусунан, бирок Бишкек шаарында туулуп чоңойдум. №19 мектепти бүтүрүп, Кыргыз-Орус славян университетинин психология факультетине тапшырдым. Ал факультетти тандаганымдын себеби ким болгум келе тургандыгымды билгим келчү. Балалыгым Ысык-Көлдө өттү. Ал жерде кадимкидей айылдык кыз болчумун (күлүп).

Аракетимдин жыйынтыгы...

Жайкы эс алууда үч ай бою ал жерде болуп, Бишкекке окууга келчүмүн. Мектепте жакшы окудум. 8-класста мектеп алмаштырдым. Алгач кыйынчылыктар болду. Бирок бир айдан кийин классташтарыма жетип, жакшы окуганга аракет кылдым. Мектепти аяктагандан кийин «Манас» университетине даярдоо бөлүмүнө тапшырып, түрк тилин үйрөндүм. Андан кийин Кыргыз-Орус славян университетине которулдум. Учурда мен Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарында жашайм. Дубайдан 20-30 мүнөт алыс. Дубай экономикалык шаар болсо, Шарджа — маданий шаар. Жергиликтүү жашоочулар өзүнүн маданиятын абдан баалашат. Алар ичишпейт, чегишпейт. Бул жерде бир дагы клуб жок, спирт ичимдиктерин такыр таппайсың.

Мен бул жумушка документ берерде өтүп кетет деп эч ойлогон эмесмин. Мен болгону өзүм үчүн аракет кылып көрдүм. Мектепте стюардесса болууну каалагам. Бирок бул тармакта курагың 21 жаштан жогору болуш керек экенин билчүмүн. 21 жашка чыкканда маектешүүгө барып, дароо өтүп кеттим. Чындыгында бул күтүүсүз болду. Мен болгону кызыкчылык үчүн резюме берип, өтүп кеттим.

Ата-энемден алгачкы жолу алыстоо...

Ата-энемден алыс эч жакка чыкпаганым үчүн башка өлкөгө кетүү коркунучтуу болду. Мен үйдөн алыс кете турган болсом, анда эч качан кайтып барбагандай сезилчү. Учарга жакын Дубай тууралуу көптөгөн маалыматтарды окуп, ал шаар жөнүндө билүүгө аракет кылдым. Ал коопсуз шаар экенин окугандан кийин менде ишеним пайда болду. Мени колдоп, алыскы өлкөгө коркпой жөнөткөн ата-энеме ыраазымын. Учурда «Air-Arabia» деген аталыштагы авиакомпанияда стюардесса болуп иштейм. Мен бардык тренингдерден, сынактардан өтүп, июндан бери уча баштадым.

Жумушумдан рахат алуу...

Жумушум абдан жагат. Мен андан рахат алам. Биз көп жолу эс алабыз. Мисалы, төрт жолу учкандан кийин 3 жолу эс алабыз. Мен жумушка баргым келет, анткени күндө жаңы адамдарды жолуктурасың, Алардын баары эмгекчил, шайыр алар менен сүйлөшө турган кызыктуу сөздөр бар. Египетке эртеси Африкага учсаң, ар кайсы өлкөлөрдө кандай адамдар жашай турганын салыштырууга болот. Аларды сырткы көрүнүшүнөн, жүрүм-турумунан эле кайсы улуттан экенин айырмалап баштайсың. Бул абдан кызык.

Жашаган жеримдин маданияты...

Биз майдын аягында Рамазан айында учуп келдик. Динчил өлкө болгондуктан, бул айда баары катуу көзөмөлгө алынат экен. Рамазан айында эшиктен суу ичип, тамак жесең полиция кармап кетиши мүмкүн. Эгерде сен ийни ачык узун көйнөк кийсең полиция келип: «Жүрүңүз биз менен» дейт (күлүп).

Албетте бул жагымсыз, бирок бул жерде эреже ушундай. Биз футболка, тизеге чейин юбка кийип көнгөнбүз да. Ал эми бул жерде хиджаб кийишет. Күнүмдүк кийимдериң менен дүкөнгө чыгып баары караса кызыктай болосуң. Азыр мен ага көнүп калгам, маани бербейм. Анан бир жакка барарда жасанып, сулууланбаганга аракет кылам. Мен моюн орогуч сатып алгам. Ачык кийинип калсам аны менен жамынып алам. Мен буга көндүм, бул алардын менталитети.

Бөлөк эл, бөтөн жердеги кыйынчылыктар...

Буга чейин эжем бир жыл Дубайда жашаган. Ошондуктан ал өлкөгө эмнени алып барышым керек экенин айтып, көп кеңешин берди. Мен өзүмө керектүү буюмдарды гана алып кеттим. Биринчи айда сени мейманканага жайгаштырышат. Бирок кийинки айдан баштап өзүңө турак жай издеп башташың керек. Компанияда ижарага берилген батирлер бар, бирок алар кымбат. Ошондуктан мен арзаныраак батир табайын деп чечтим. Ошондо гана кыйынчылыктар башталды. 21 жашыңда жумуштан алыс эмес турак жай табуу, контракт түзүү, алданып калбаш үчүн аны менен макулдашуу, аны төлөө кыйынга турду. Мен дайыма кантип кылам, кандай жашайм, ким менен жашайм деп ойлоно берчүмүн. Жыйынтыгында баары жакшы болду. Мен жумуштан алыс эмес, короосунда бассейни бар жакшы батир таптым. Ал жерге көчүп баруу кыйын болду. Бул жерде транспорт кымбат. Биз такси менен жүргөндө акча көп кетип жатты. Бирок азыр ар ким өзүнө айдоочу таап алган.

Жергиликтүү жашоочулардын мамилеси...

Бул жердеги адамдар колуң же бутуң ачык болуп калса карай беришет. Бирок алар агрессивдүү эмес. Кимдир-бирөө келип бир нерсе деп айткан учур болгон эмес. Алар болгону карай беришет. Алардын баары боорукер болушат. Жаман мамиле кылгандарды жолуктура элекмин. Жоолук салынбаганыбыз үчүн аялдар көп карашат.

Дубайдагы кыргыздар...

Башка кыргыздар менен анча байланышпайм. Биз бул жерге кыргыздардын тобу менен келгенбиз. Мен кыргыз кыздар менен жашайм. Дубайда кыргыздардын жолугушуулары болуп турарын билем. Бирок азырынча алар менен байланышым жок.

Туулган жерди сагынуу...

Ооба мен абаны, тоолорду, этти сагынам (күлүп). Бул жерде эт кымбат анан даамы жок. Улуттук тамак-аштарды: манты, лагман абдан жегим келет. Бул жерде албетте кафелер бар, бирок барып акча короткум келбейт.

Ата-энемди абдан сагынам. Бир аз кыйынчылык болуп турганда апамдан кеңеш алыш үчүн ага айтып бергим келет. Бирок менде көйгөйлөр болуп жатат деп апама кат жазсам, алар сарсанаа болорун түшүнөм. Ошондуктан менде баары жакшы деп айтууга аракет кылам. Өзүмдү бир аз жалгыз сезем. Анткени үй-бүлөм, жакындарым, досторум алыс жакта. Мен тоолорду сагынам. Бул жакта алар жетишпейт. Мен ойгонгондо дайыма тоолорду карачумун. А бул жерде алар жок, мен дүйнөнүн четинде жүргөндөймүн (күлүп). Ал эми аба ырайы абдан ысык. Ысык-Көлгө барым келет. Жыл сайын Ысык-Көлгө барчумун. Ал жактагы туугандарымды сагындым. Бирок баары жакшы. Ал жерге эки айдан кийин барып келейин деп пландап жатам.

Ыйлаакмын...

Мен ыйлаакмын (күлүп). Билбейм эмнеге, бирок кичинекей нерсеге ыйлай берем. Сыртымдан күчтүү көрүнгөнүм менен, көп ыйлайм. Жакында эле сүйлөшкөн жигитим менен түшүнбөстүктөр болуп ыйладым. Анткени бири-бириңден алыс жакта мамиледе болуу кыйын экен.

Чет өлкөлүккө турмушка чыгуу ойдо жок...

Мага көпчүлүгү: «Эмираттарга учуп барсаң, ал жерде көп чет өлкөлүк сулуу, бай балдар бар» дешкен. Бирок мен аларды такыр карабайм. Билбейм, алар кызыктуу, сулуу, сүйкүмдүү маектешиң болушу мүмкүн. Бирок мен биздин маданиятка жана менталитетке көнгөм. Менин сүйлөшкөн адамым — кыргыз жана ал мен үчүн идеалдуу. Чет өлкөлүктөргө күйөөгө чыгууну көрө албайм. Күндө жаңы улут, жаңы адамдар, жаңы стереотиптерди көрөм. Алардын бир нерсени чечүү жолу мага чоочун көрүнүш. Аларды туура эмес ойлонот деп айтпайм, болгону алар башкача.

Жумушумдун оң жана терс жагы...

Жумуш — эң сонун нерсе. Көбү жумушуна арызданышат, андан чарчашат. А менде андай эмес. Эртерээк жумушка чыккым келет. Мен өз жумушумду жакшы көрөм.

Жумушумдагы эң кыйын нерсе – бул уйку. Ал абдан бузулуп жатат. Менин организмим буга көнө элек. Түнкү каттамда түнү бою иштейсиң. Ал эми күндүз кечке уктайсың. Түнү бою иштеп, күндүз уктап ойгонсоң айланаңда эмне болуп жатканын түшүнбөйсүң. Бул жерде адамдар сонун: жардам беришет, биздин жаңы экенибизди билишет. Эгерде бир нерсени түшүнбөй калсаң, баарын айтып беришет. Мындай адамдар менен чогуу иштешүү — чоң ийгилик. Ошондой эле менин айлык акым жакшы. Айына орто эсеп 2-3 миң доллар алам.

Тажрыйба топтогула...

Англис тилин үйрөнгүлө, тажрыйба топтогула. Эгерде силер сатуучу, официант, администратор болуп иштеп көрсөңөр бул жакшы. Мен иштеген жумуштар мага көп нерсе үйрөттү. Сатуучу болуп иштеп, күлгөндү, кардарлар менен иштешүүнү, сатканды үйрөндүм. Кичинекей кезимде бала бакканым, кичинекей балдар менен тил табышууга жардам берди. Бортто балдар ыйласа жүргүнчүлөр аларды кармап турууну суранышат. Ар бир тажрыйба маанилүү жана керек. Грамматиканы үйрөнбөй, сүйлөгөндү үйрөнүш керек. Англис тили — дүйнөдөгү №1 тил. Тил билүү — чоң артыкчылык.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком