07:42, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Куруучулардын өмүрүнө жооптуумун»: Ноокаттык Заринанын Москвадагы өзгөчө жумушу (сүрөт)

14:09, 21 теке 2019 5794

Баракелде -  29 жаштагы Зарина Абышова аялдар үчүн өзгөчө кесиптин ээси. Ал бала кезинен тиш дарыгери болууну кыялданып, кийинчерээк юрист болууну пландап баштаган. Бирок Зарина 10 жылдан бери кран башкарып иштеп жатканын Limon.KG басылмасына айтып берди.

Окуучулук күндөр

Оштогу Ноокат районунуда төрөлгөм. Учурда Москва шаарында жашап, курулуш компаниясында мунаралуу жүк көтөргүчтү (кран) башкарып иштейм. Эки балам бар, кызым 9 жашта, уулум 6 жашта. Ал эми өзүмдүн эки сиңдим, эжем жана иним бар. Апам тарых сабагынан мугалим, бирок учурда иштебейт. Атам да каран башкарчу.

Окуучу кезимде бир нече мектепте окудум. 1-класста таенемдикинде Ошто болдум. 3-классымда үй-бүлөбүз менен Казакстанда жашадык. Ата-энем соода кылып, биз ал жердеги мектепке бардык. Алардын иши жүрүшпөй, кайра мекенибизге келдик. Чоң атам да каза болуп калды, атам үйдүн кичүү уулу.

Мектепте жакшы окудум, адам жана коом сабагынан олимпиадага катышкам. Тарых жана орус адабияты сабактарын абдан жакшы көрчүмүн. Апам дайыма биз менен кошо сабак окуп, кыйын учурларда жардам берүүгө аракет кылчу. Балалыгым Бишкек, Ош жана Казакстанда өттү. Менден 2 жаш улуу эжем экөөбүз бир класста окучубуз. Ал мени коргоп, колдоо көрсөтүп, бирге ойночубуз. Улам мектеп алмаштыра бергендиктен жакын досторум деле жок болчу. Бирок жогорку класстарда жакшы курбуларды да таптым.

Москвага сапар

Мектепти аяктагандан кийин Оштогу юридикалык институтка тапшырдым. Тайпабызда 4 эле жигит окучу. Студениттик күндөр кызыктуу өттү. Бирок ал жылдары көбү Москвага иштегени кетип калышкан, азыр деле ушундай. Эжем да Москвада иштечү. 1-курсту аяктап, окууну сырттан улантып, Москвага бардым.

Москвага келгенде мунаралуу жүк көтөргүчтү башкаруу боюнча окудум. Бирок ал учурда жаш болгондуктан кран башкарып иштегим келбей, дүкөндө сатуучу болуп иштеп баштадым. Албетте, оор болду. Бирок чыныгы оорчулуктар азыркы жумушумда экенин түшүндүм. Жоопкерчиликтүү, сабырдуу жана токтоо болуу керек. Жыл өткөн сайын жумушумдун жоопкерчилигин сезип жатам. Мындан тышкары куруучулардын өмүрүнө жооптуумун. 2011-жылы атамдын жардамы менен фирмалардын бирине жумушка орношуп, кран башкарып баштадым. Бир жылдан кийин эжем иштеген ишканага жумушка орноштум. Ал да кран башкарат. Жумушум өзүмө жагат.

«Бул аялдардын жумушу эмес» дегендер болот

Оор нерселердин баарын техниканын жардамы менен көтөрүп, үйлөрдү, соода борборлорун курабыз. Жумушта көптөгөн кыйынчылыктар болот. Алгач бригада менен уруша берчүмүн. Айрым учурларда ыйлап, бир нече жолу жумуштан кетүүгө аракет жасагам. 9-10 жылдан бери кран башкарып иштеп келем.

Өзүмдүн мекенимде иштегим келет. Москвадан чарчадым, ата-энем, балдарымдан алыста болгум келбейт. Бишкекте көптөгөн курулуштар жүрүп жатат, ал эми менин тажрыйбам көп.

Жумушта эжем экөөбүздөн башка аялдар да эмгектенет. Албетте, алар аз. Алган маянама шүгүр кылам. Жылына бир жолу мекениме барам. Бирок бул жылы 1,5 жылда бардым. Кээ бирде сагынычтан баарын таштап, кетип калгым келет. Эс алуудан кийин иштөө оор, бирок андан кийин көнүп каласың.

Албетте, «Бул аялдардын жумушу эмес» дегендер болот. Көбүнчө кыздар айтат. Бирок жумушум менен сыймыктанам. Аялдар иштеген жерде түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар көп болот. Ал эми мен бийиктикте болгондуктан тынч иштейм.

Йога менен машыгып, бассейинге барганга да убакыт табам. Өз алдымча англис тилин өздөштүрүп, кызыктуу өлкөлөр тууралуу маалыматтарды окуйм. Ошондой эле тасмаларды көрөм.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком