08:53, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020446 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020211 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (29 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

FaceApp'ты түзгөндөр он күндө 1 млн доллар табышты. Кыргызстандык жылдыздардын сүрөттөрү

На русском
12:44, Теке айынын жыйырмасы, 2019 2637

Баракелде -  FaceApp сервисин ойлоп тапкандар акыркы 10 күндүн ичинде 1 миллиондон ашык доллар табышты. Бул сумманын көп бөлүгүн (746 миң доллар) иштеп табууга Apple мобилдик тиркемесинин ээлери жардам бергенин «Forbes» басылмасы жазды.

FaceApp тиркемеси 2017-жылы пайда болуп, дароо эле популярдуу болуп кеткен. Сервисти «Яндекстин» мурунку кызматкери Ярослав Гончаров иштеп чыккан. Сервис аркылуу адамдын келбетин карытып, жылмаюу да кошуп коюуга болот. Бул жумада сервис кайрадан эң белгилүү тиркемелердин катарына кошулду. Учурда App Store'тин россиялык версиясы акысыз тиркемелердин жана сүрөт, видео сервистердин рейтингинде биринчи орунда турат.

Буга чейин Американын Сенатынын демократтарынын лидери Чак Шумер Федералдык бюродон FaceApp сервисин текшерүүнү суранган болчу. Анын айтымында, сервис интернет колдонуучулардын өздүк маалыматтарын колдонот.

Ал эми Wireless Lab компаниясы серверге колдонуучу тандаган сүрөт гана түшөрүн билдирди. Муну менен катар сүрөттөрдүн көпчүлүгү көчүрүлгөндөн соң 48 сааттан кийин өчүрүлөт.

Кыргызстандагы белгилүү адамдар да бул сервисти колдонуп, социалдык тармактарга сүрөттөрүн жарыялады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком