22:33, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте 27 жаштагы жигит кыздарды жолугушууга чакырып, телефон, акчаларын алдап алган

На русском
19:24, 19 теке 2019 227

Баракелде -  Бишкек шаарында алдамчылыккка шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь РИИБге Д.Ф. аттуу кыз арыз менен кайрылып, таанышуу сайттарынын биринде таанышкан Айбек аттуу жигитке чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, шектүү менен 4-кичи райондо жолугушуп, ал 11 миң сомдук уюлдук телефонун жана 500 сомун алдап алып, качып кеткен.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1992-жылы туулган М.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал буга чейин алдамчылык боюнча бир нече ирет соттолгон. Октябрь райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалып, СИЗО-1 мекемесине 2 айга камалды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында М.Б.нын катышуусундагы атайын иш-аракеттердин жүрүшүндө 5 кыз аны менен сайт аркылуу таанышканын билдирди. Шектүү өзүн ар башка ысым менен тааныштырып, биринчи жолугушууда кыздардын ишенимине кирип, уюлдук телефон, фотоаппарат жана акча алдап алып жүргөн. Алдоо жолу менен тапкан каражаттары өзүнө керектеген», - деп айтылат маалыматта.

Шектүүдөн жабыркаган жарандар же ал тууралуу маалымат билгендер 700 126622, 708 923 027 телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком