23:33, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант берүү жөнүндөгү макулдашуу ратификацияланды

На русскомEnglish
18:53, 19 теке 2019 104

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттарда) (бириктирүүчү жолдун долбоору, Борбордук Азиянын регионалдык экономикалык кызматташуусу (БАРЭК) 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2-кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант берүү жөнүндө макулдашууну (атайын операциялар) (бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2-кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 27-июнунда кабыл алынганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком