05:58, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ысыкка байланыштуу жумуш күнү кыскарабы? Министрликтердин билдирүүсү

На русском
11:38, 20 теке 2019 733

Баракелде -  Бишкек шаарында 18-июлдагы абанын температурасы +40 градуска жетти. Кыргызгидромет өлкө аймагында 21-июлда абанын температурасы төмөндөп, кийинки жумада +31... +36 градус боло турганын маалымдады.

Кыргызстандын аймагында жай мезгилиндеги эң жогорку температура 1983-жылы катталып, термометр +42 градусту көрсөткөн.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Эмгек кодексинде ысыкка байланыштуу жумуш күнүн кыскартуу тууралуу айтылган эмес.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын жогорку температурасына байланыштуу олуттуу зыян болбогонун билдирди. Адатта күн ысык учурда ачык турган аянттагы чөп, таштанды өрттөнөт. Айрым учурда жарандардын кайдыгерлиги да себеп болуп, чала өчкөн тамекинин калдыгы чөпкө жакын талаага ташталганда өрт тутанат. Бул багытта түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Дарыгерлер абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу ооруканага кайрылган адамдардын саны өскөнүн айтышты. Ысык аба ырайы адамдын ден соолугуна терс таасир бергендиктен коопсуздук эрежелерди чоң адамдар да, балдар да сакташы керек. Ошондой эле желдетүүчү жабдыктарды (кондиционер) колдонуунун эрежелерин сактабаса зыян келтириши толук мүмкүн.

Дарыгер Назгүл Султаналиева: «Бөлмө температурасындагы таза сууну (кыям, кумшекер кошпой, газы жок) көп ичүү сунушталат. Сейилдөөгө эртең менен жана кечинде чыгуу керек. Курамында пахта бар кийимдерди кийип, салкын имараттарды болгон жакшы», - деп кеңеш берди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком