22:58, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 202085 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201343 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020127 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Салык кызматы Ат-Башыда жаңы форматта кызмат көрсөтүп баштады

19:02, Теке айынын он тогузу, 2019 425

Баракелде -  Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгы эми жаңы форматта кызмат көрсөтөт. Салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатындагы бирдиктүү терезе иштей баштады, деп маалымдайт ведомствонун басма сөз кызматы.

Анын расмий ачылышына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Ат-Башы районунун акими, салык органынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле салык төлөөчүлөр катышты.

Ат-Башы районунун салыкчылары эми жарандарга жана салык төлөөчүлөргө салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрүн (салык төлөөчүлөрдү каттоо, декларацияларды, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду кабыл алуу, патенттерди жана камсыздандыруу полистерин, башка маалым каттарды берүү) бир жерден көрсөтө башташты. Ошондой эле бул бөлмөдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн банктын кассасы болот.

Учурда 44 салык органында бирдиктүү терезе иштеп жатат. Ошондой эле ири базарларда жана соода түйүндөрүндө ушул сыяктуу сервистик борборлор бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком