03:13, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020250 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020140 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?

«Кордайдан өткөн эмес»: Литвага унаа сатып алганы кеткен бишкектик Азиз Мухамед-Алиев дайынсыз жоголду

16:12, Теке айынын он тогузу, 2019 (Жаңыланды: 22:12, Теке айынын жыйырма экиси, 2019) 1905

Баракелде -  Дайынсыз жоголгон 42 жаштагы Азиз Мухамед-Алиев изделип жатат. Ал 15-июль күнү кечки саат 22:30 чамасында Бишкек шаарындагы ЖЭБ районундагы үйүнөн чыгып кеткенин бир туугандары билдирди.

Алардын айтымында, ал Литва өлкөсүнө унаа сатып алганы бармак.

«Ал 15-июль күнү Литвага автоунаа сатып алуу үчүн учак менен учуп кетмек. Баштыктарын көтөрүп кеткен. Кордай жак менен өтүп, Казакстандын Алмата шаарындагы аэропорттон учмак. Ал жактан Киев шаары аркылуу Литвага бармак. Бирок сураштырсак Кордай жактан өткөн эмес. Аэропорттон да учакка отурган эмес. Аны үйүндө жубайы, балдары, бир туугандары, апасы күтүп жатат», - дешет туугандары.

Кийген кийимдери: көк түстөгү футболка, кара спорттук шым, спорттук сумка.

Азиз Мухамед-Алиевдин жүргөн жерин билгендер болсо 0557 33 65 56 номуру аркылуу байланышса болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком