11:13, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башкы тескөөчүсү Р.Карабаев каза болду

На русском
13:34, 19 теке 2019 572

Баракелде -  Ички иштер министрлигинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын башкы тескөөчүсү — милициянын полковниги Рашид Карабаев кечээ, 18-июлда 52 жашында каза болду.

ИИМдин маалыматы боюнча, маркум бүгүн, 19-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунун Чагыр айылында акыркы сапарга узатылат.

Карабаев Рашид Абдурасулович 1967-жылы 22-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Эмгек жолу:

- эмгек жолун 1993-жылы Ош ШИИБдин милиционер-кинологу болуп иштөө менен баштаган;

- Ош ШИИБдин нөөмөтчүсү, Ош ШИИБдин күзөт бөлүмүнүн взводунун командири;

- Кара-Суу РИИБдин нөөмөтчү-тескөөчүсү;

- Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөтчүсү, Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ага тескөөчүсү, Аламүдүн РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн башчысы;

- ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ага тескөөчүсү болуп иштеген.

Үй-бүлөлүү жана төрт баланын атасы болчу.

ИИМдин маалыматында: «Биз ар дайым аны жылуу сөздөр менен гана эскеребиз. Кесиптештеринин эсинде ал жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана боорукер кызматкер катары сакталып калды. ИИМдин жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Туугандары менен кошо аза күтөбүз. Рашид Карабаевдин жаркын элеси биздин жүрөгүздө түбөлүк сакталат», - деп айтылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком