08:49, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаардын» камералары орнотулбаган жерлерде жол кырсыктар көбөйдү, - өкмөт

На русскомEnglish
10:18, 19 теке 2019 145

Баракелде -  Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында өкмөткө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бидирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2018-2019-жылдарга карата жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жыйынтыктары каралды. Анда республиканын дээрлик бардык аймактарында «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылган участоктордон тышкаркы жерлерде жол кырсыктарынын санынын өсүүсү байкалып жатканы айтылды.

Комиссиянын мүчөлөрү жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды толук кандуу жана өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилешти. Ал эми Жеңиш Разаков аталган маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери иш-чаралар планын аткаруу жана жолдордогу авариялуулуктун абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартышарын баса көрсөттү.

Мындан тышкары комиссиянын жыйынында айып пулдардын айрым түрлөрүн өзгөртүүнүн максаттуулугу жөнүндө маселе каралды.

«Анын ичинде комиссия мүчөлөрү Бузуулар жөнүндө кодекстин 123-1-беренесинде каралган, анын ичинде көрсөтүлгөн берененин 1-бөлүгү боюнча 1-категорияга (1000 сом) чейинки бузуулардун айрым түрлөрү үчүн айып пулдардын өлчөмүн азайтуунун максаттуулугу жөнүндө сунушуна макул болушту. Муну менен бирге комиссия мүчөлөрү Жоруктар жөнүндө кодекстин алкагында мас абалында унаа каражатын башкаруу үчүн жоопкерчиликти белгилөөнүн максаттуу экендиги жөнүндө чечим кабыл алышты.

Бузуулар жөнүндө кодекс менен белгиленген 17 500 сом өлчөмүндөгү айып пул түрүндөгү жоопкерчилик алдын алуу натыйжасын көрсөттү. Анын натыйжасында мас абалында жол кырсыктарына учуроонун саны кыскарып, ал эми аталган категорияда катталган бузуулардын саны жарым жылдын жыйынтыгы боюнча үч эсеге азайган жана 2 211 фактыны түзгөн», - деп айтылат маалыматта.

Жыйында республиканын унаа жолдорун паспорттоштуруу, автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле авариялык-кооптуу жол тилкелерин жоюу маселелери козголду. Жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком