11:08, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Гүлнара Каримова абактан ооруканага которулганын жактоочусу жарыялады

На русскомEnglish
09:32, 19 теке 2019 129

Баракелде -  Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова абактан ооруканага которулганы маалым болду. Ал 10 жылга эркинен ажыратылып, Ташкент шаарындагы абакка камакка алынган.

Бул маалыматты белгисиз булакка шилтеме берүү менен анын швейцариялык жактоочусу Грегуар Манжа социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, жолугушууну күтүп турганда абактын короосунан тез жардам кызматынын 2 унаасы чыгып кеткен. Кийинчерээк ал унаалардын биринде Г.Каримова болгонун булактары аркылуу билген.

------------------------------------------------------

Гүлнара Каримова менен бир абакта жаза өтөп жаткан аял журналисттер менен маектешкенин жергиликтүү басылма жазган. Анын айтымында, Каримова абдан өзгөрүп кеткен.

«Ал тигүүчү болуп иштейт. Анын жанында абдан кооптуу аялдар бар. Ал түрмөнүн тамагын дээрлик жебейт. Абактагы жашоо анын психикасына катуу таасир тийгизип жатат. Менин оюмча ал түрмөдөн чыккандан кийин да психологдун жардамына муктаж болот», - деген ал.

--------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Гүлнара Каримова гумандуулук көрсөтүү өтүнүчү менен өлкө башчыга кайрылган. Ал абалы жаман экенин айтып, чет өлкөлөрдөгү банктардагы эсептеринде сакталган 686 млн долларынан баш тартууга убада берген. Г.Каримованын кайрылуусун анын кызы Иман Каримова социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган болчу.

«Протокол үчүн айтып койгум келет, Өзбекстандын аймагындагы жеке активдерим менин карамагымдан чыгып, республикалык бюджетке которулду. Бир нече жергиликтүү иликтөөдө тастыкталган 1,2 млрд доллар», - деп жазган Каримова.

Ошондой эле ал эсебинде дагы акча бар экенин, бирок андан баш тарта турганын жазган.

«Менин жактоочуларым 131 000 000 жана 555 000 000 долларды коргоп калууга байланыштуу документтерин кайтарып алышты. Учурда ден соолугума тынчсызданып жатам. Эки операция жасалышы керек, ошондуктан президентке кайрылууга мажбурмун», - деген Г.Каримова.

Анын швейцариялык жактоочусу Грегуар Манжа буга чейин социалдык тармактагы баракчасына Каримованын ден соолугу начарлап кеткенин жазган болчу.

Г.Каримова Ташкент облусунун Зангиота районундагы №21 абакта жаза өтөп жаткан. 2015-жылы ага карата Швеция, Швейцария жана Америкада кылмыш иш козголуп, миллиарддаган долларды ээлеп алууга айыпталган. 2017-жылы декабрь айында ал Өзбекстанда 53 млн долларды кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кесилген.

Каримова 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок сотко даттануудан кийин 5 жылга үй камагына алынган. Ал үй камагынын талаптарын бузганы үчүн кайра абакка которулган эле.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком