23:31, 12 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Оштогу абакта кезек менен уктап жаткандар тууралуу ЖАМКтын жообу

На русскомEnglish
17:48, 18 теке 2019 223

Баракелде -  Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулаймановдун Ош шаарында жайгашкан абактагы (СИЗО-5) камераларда орун жетишпегендиктен камактагылар кезек менен уктап жатышат деген маалыматы боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түшүндүрмө берди.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиргендей, учурда камералардын ичинде оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу абактагыларга орун жетишпей жатат. Оңдоо иштери жүрүп жаткан камерада кармалган адамдар башка жерлерге которулган.

«Мындай көйгөй жакынкы убакта чечилет. Иштер жыйынтыкталгандан кийин камактагылар оңдолгон камераларга жайгаштырылат. Мекеменин администрациясына бул боюнча камактагылардан арыз түшкөн эмес», - деп айтылат маалыматта.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча, №5 абактын имараты эскирип калган. Ал мекеме Россия падышачылыгынын мезгилинде курулгандыктан тез-тезден оңдоп турууга туура келет.

------------------------------------

Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов Ош шаарында жайгашкан абактагы камераларда орун жетишпегендиктен камактагылар кезек менен уктап жатышканын билдирген.

Анын айтымында, тергөө изоляторун текшерүү учурунда бир нече камера толуп калганы аныкталган.

«СИЗО-5 500 адамга ылайыкталган. Учурда ал жерде 313 адам бар, бирок 4 керебет коюлган камерада 7 киши камалган. Алар кезек менен укташат», - деген ал.

Н.Сулайманов топтолгон материалдар прокуратурага өткөрүлө турганын белгилеген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком