06:03, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу суракка чакырылды (видео)

На русскомEnglish
15:56, 18 теке 2019 852

Баракелде -  Алмазбек Атамбаев кайрадан Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бүгүн, 18-июлда аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана участкалык кызматкер анын Кой-Таштагы үйүнө барышты.

Чакырууда Атамбаев Тергөө кызматына 19-июлда эртең менен барышы керектиги жазылган. Чакыруу «Элдик штабдын» башчысы Кыяз Смаиловго тапшырылды.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки жолу — 9-июлга жана 11-июлга суракка чакырылган болчу. Биринчи чакыруудан кийин Атамбаев комментарий берип, суракка барбай турганын айткан.

«Мен эмне үчүн ИИМге барышым керек? Жада калса бул кагазды колума да албайм, анткени бийлик укук талаасына кириши керек», - деген А.Атамбаев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком